Чет элдик жана ата мекендик өндүрүштүн ортосундагы согуш. Ата мекендик өндүрүш чет өлкөлүк өндүрүшкө атаандаштык жарата алабы?

04/05/21, 11:33

Limon.KG - 2020-жылдын он бир айындагы статистикага ылайык, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүү көрсөткүчү 5 миллиард 100,9 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен экспорттун көрсөткүчү 1 миллиард 796,5 миллион долларды, ал эми импорттун көрсөткүчү 3 миллиард 304,4 миллион долларды түзгөн (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, http://www.stat.kg/). Өлкөбүздө экспорттун көрсөткүчү импортко караганда болжолдуу эки эсеге көп. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн экспорттук потенциалды өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ.

724458.75e4c2789c181db0361d31970d260c08

Өлкөбүздө импорттун өсүшүнүн жакшы жактары жана ошол менен бирге эле зыян жактары дагы бар. Импорттун өлкөбүзгө тийгизген бир катар зыян жактарын белгилеп кетсек:

  1. Ата мекендик продукциялардын сатылуусу кыскарат.
  2. Ата мекендик өндүрүштүн жана компаниялардын кирешеси азайгандыктан, мамлекетке түшкөн салыктын саны дагы азаят. Ал эми салыктын азайышы мамлекеттик мекемелерде, билим берүү, медицина ж.б. тармактарда иштеген кызматкерлерге айлык акынын аз берилүүсүнө алып келет.
  3. Улуттук валюта “сомдун” курсу төмөндөйт. Себеби, өздөрү өндүрүп, бизге импорт жолу менен алып келип саткан товардан түшкөн акчаны алар башка валюталарга которуп, өз өлкөлөрүнө алып кетишет.
  4. Ата мекендик өндүрүштөр азайып, жумуш орундары кыскарат. Бул жумушсуздук көрсөткүчүн жогорулатып, натыйжада эмгек акысынан түшкөн салыктын саны кыскарат. Ошондой эле жумушсуздук жөлөк пулдун баасынын өсүшүнө алып келет.
  5. Өлкөбүздө чет жактардан алып келинген товарларга көз карандылык жогорулап, анын натыйжасында өлкөбүздүн саясий көз карандылыгы күчөшү мүмкүн.

Мисал катары кондитер тармагын алсак, Кыргызстанда 2020-жылдын январь айынан октябрь айына чейин 4,1 миң тонна кондитердик азык өндүрүлгөн. Бул өлкөбүзгө импорт аркылуу кирген кондитердик азыктардын жарымына дагы тең келбейт. Кыргызстандын Бажы кызматынын берген маалыматтарына ылайык, кондитердик өндүрүш боюнча импорттун көрсөткүчү 19 508,81 тонна, ал эми экспорттун көрсөткүчү 232,09 тоннаны түзгөн. Ал эми кийинки жылы импорттун көрсөткүчү 7,1% га кыскарып, жалпы суммасы 26 млн. 634 миң АКШ долларын же 18 133,8 тоннаны түзсө, экспорттун көрсөткүчү бир аз жогорулап, 272 тоннаны түздү. Демек, азыркы учурда импорттун көрсөткүчү экспорттун көрсөткүчүнө караганда 98,82%га көп (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, http://www.stat.kg/). Эгерде импорттон келген товарларды өзүбүздүн өлкөдө өндүрсөк, анда кондитер тармагында иштеп жаткан компаниялардын өлкөнүн экономикасына кошкон салымы 98,82%га жогоруламак. Андан сырткары жаңы жумуш орундары түзүлүп, өлкөдө жумушсуздук, миграция жана бир катар көйгөйлөрдүн азайышына өбөлгө болмок.

Кыргыз Республикасында экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болушу массалык эмгек миграциясына алып келүүдө: алты миллион калктын ичинен болжол менен бир миллиону чет жакта эмгектенет. Эмгек мигранттары жөнөткөн акча каражатынын көлөмү ички дүң продукциянын (ИДП) үчтөн бир бөлүгүн түзөт – бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдун бири болуп саналат. Жумуш издеп чет жактарга бет алган ата-энелер балдарын башка адамдарга калтырып кетүүгө мажбур, ал эми бул болсо балдардын тарбиясына таасир берип, ар кандай кошумча көйгөйлөрдү жаратат. Бул да болсо өлкөбүздө өндүрүштүк тармакта иштеген компаниялардын аздыгынан жана аларга колдоо көрсөтпөгөнүбүздүн натыйжасында келип чыгууда.

Азыркы учурда өлкөбүздө өндүрүштүк компаниялардын көбөйүшү жакшы деңгээлде байкалууда. Бирок биз, ар бирибиз өлкөнүн жараны катары ата мекендик өндүрүштү колдобосок, анда көбөйгөн өндүрүштүк компаниялардын өнүгүп кетүүсүнө кепилдик жок. Кыргызстанда компаниялардын өндүрүштүк жана каржылык ишмердүүлүгүнүн негизинде алдыңкы орундарды тоо-кен иштетүү компаниялары, уюлдук операторлор, энергетика жана азыркы учурда жарандарыбызга көп жумуш орундарын түзүп берип жаткан жеңил өнөр жай (текстиль өндүрүшү, кийим тигүү, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды өндүрүү) компаниялары түзөт.

Өлкөбүздө өндүрүштүк компаниялардын өнүгүшү жумушсуздуктун көрсөткүчүн жана болуп жаткан миграцияны азайтып, экономиканын, элибиздин жашоо шартынын жогорулашына чоң салым кошот. Ошондуктан ата мекендик өндүрүш өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн негизги факторлордун бири.

- Биз, сиз, жалпыбыз ата мекендик продукцияны сатып алып, тандоо менен жаркын келечекке жол ачабыз!

- Ата мекендик өндүрүштү тандоо менен балдарыбызга сапаттуу билим берүү системасын, экономикалык жана социалдык жактан күчтүү өлкөнү куруп беребиз!

- Ата мекендик өндүрүштү тандоо менен өлкөдө миграцияны азайтабыз!

- Ата мекендик өндүрүштү тандоо менен жумушсуздук деңгээлин түшүрөбүз!

 Баястан Эргешов

 

Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью интернет-издания Limon.KG. Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции.

Популярное

Понравилась статья?
Поделись с друзьями

Популярное видео

Посмотреть еще

Следите за нашими публикациями оперативно в Twitter и Facebook
Закрыть