SpaceX компаниясында иштөөнү пландап жаткан кыргызстандык Алексей Google жана Microsoft компанияларындагы тажрыйбалары менен бөлүшөт

27/11/20, 15:55  |  Обновлено: 27/11/20, 16:59

Limon.KG - Адамдардын көпчүлүгү өзүнүн ыңгайлуулук аймагынан чыгууну каалабайт. А бирок дал ушул нерсе адамда инсандык өнүгүү болбой жаткандыгынан кабар берет эмеспи. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Алексей Вятчанин адамдын ийгиликке жетүүсү үчүн анын ыңгайлуулук аймагынан чыга билүүсү канчалык маанилүү экендигин түшүнүп, ар дайым өзүнө жаңы чакырыктарды жасап келет. Ал Борбор Азиядагы Америка университетин аяктаган соң IT гиганттардын бири Microsoft компаниясына жумушка кирген. Ал жакта бир канча убакыт эмгектенген соң Google компаниясынына которулган. Муну менен гана чектелип калбай тургандыгын айткан Алексей бизге берген маегинде Googleдын корпоративдүү маданиятынын өзгөчөлүктөрү, компаниянын алдыдагы пландары жөнүндө кеп кылып, ийгиликтүү программист эмнелерди билиши керектиги тууралуу ойлору менен бөлүштү.


IMG_20171024_103434

L. Алексей, программисттик кесипти тандап алууңузга эмне себеп болгон?

Бала кезимен эле математика, физика сыяктуу так илимдерге жакынмын. Мектепте дагы информатика жана математика сабагы боюнча мыкты мугалимдерден билим алгам. Өз учурунда дал ушул мугалимдер менин программист катары өнүгүүм үчүн керектүү базаны негиздешкен экен.

Кесип тандоо убактысы келгенде программист болорум тууралуу так чечим кабыл алып, БААУга жана Кыргыз-Орус Славян университетине тапшыргам. Алардын арасынан БААУну тандап алып, бакалавр даражасын дал ушул окуу жайдан алып чыктым. Тилекке каршы, а балким, бактыга жараша БААУда менин адистигим боюнча магистранттарды даярдашпайт экен. Ошондуктан магистратураны Москвада окудум. Азыркы тапта АКШда жашап, иштеп жатам.

L. АКШга кетүүңүзгө эмне түрткү болду?

Университетти аяктап жатканда башка жакка кетүүнү анча деле каалаган эмесмин. Бирок Кыргызстанда дагы окуумду улантуу мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ошондуктан Москвада билим алуу туура чечим болгон деп ойлойм. Москва алгачкы жылдары купулума толуп жатты. Бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин Москва менин көңүлүмдөгү шаар эмес экендигин түшүндүм. Ал жакта бардыгы жалпак (күлүп) болгондуктан, мага тоолор жана күндүн нурлары жетишпей жатты. Ошондуктан Европа же Австралияга кетүүнү ойлоно баштадым. Бирок Америкага токтолдум. Себеби, Америкага кетүү мен үчүн жеңилирээк болмок. Англис тилинде жакшы сүйлөчүмүн, демек, француз, кытай же дагы башка тилди үйрөнүү зарылчылыгы жок болчу. Ошондой эле Америка Австралияга караганда жакыныраак жана тынчыраак сезилди. Бара турган өлкөнү аныктап алган соң өзүмө максат коюп, ошого гана умтулдум. Америкага кетүү үчүн ар түрдүү жолдорду караштырып көрдүм. Грин-картка тапшырдым, компанияларга резюме жөнөттүм, АКШда жашаган тааныштардан кеңеш сурадым.


IMG_20190815_092627

L. Google компаниясына чейин Microsoftто иштеген экенсиз, аталган компанияга кантип келип калгандыгыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

Microsoft компаниясы Москвадан Америкага көчүүмө жардам берген компания. Мен Microsoftтон тышкары Facebook жана Google компанияларына дагы резюме жиберип, бирок өтпөй калгам. Microsoft болсо резюмемди көрүп, мени маектешүүгө чакырды. Скайп аркылуу маектешүүдөн өттүм. Бир канча убактан кийин компанияга кабыл алынгандыгым жөнүндө кат келди. Документтерди даярдап, жумушчу визасын алышым керек болчу. Бирок мен виза алууга жетишпей калгандыктан, жарым жыл Канадада иштеп турууну сунушташты. АКШга виза ачтырганга чейин Канадада иштеп, 2012-жылы Штаттарга көчүп кеттим.

L. Компания турак-жай жана башка керектүү каражаттар менен камсыздады беле?

Компанияга чет өлкөдөн программист келе турган болсо, бардыгы алдын ала даярдалат. Компания документ иштерин бүтүрүүгө жардам берет. Ошондой эле бардык керектүү буюмдарды сатып алып, жайгаштыруу үчүн атайын жумушчуларды жөнөтөт. Ошондуктан бул жакка көчүп келүү биз үчүн жеңил жана ыңгайлуу болгон.

Бул жакта Кыргызстандан келген бир нече таанышым бар. Алардын окуялары биздикинен таптакыр башкача. Кимдир бирөө грин-карт утуп алса, башкаларынын иш берүүчүсү болбогондуктан, бардыгын башынан баштоого туура келген. Алардын же жумушу же жашай турган жери болгон эмес.


IMG_20191002_182019

L. Америкага кетүү пикириңизди жакындарыңыз кандай кабыл алышты?

Бир жагынан кубанышса, бир жагынан кабатыр болушту. Себеби, Америка абдан алыс, ал эми туугандарым аларга жакын жашашымды каалашкан. Бирок олуттуу компанияга ишке кирип жаткандыгым үчүн көбүрөөк кубанычта болушту.

L. Сиз Microsoftко жана Googleга жумушка орношуу үчүн маектешүүдөн өттүңүз да. Бул эки компаниянын маектешүүлөрү бири-биринен айырмаланабы?

Негизинен стартап болобу, корпорация болобу IT-компаниялардын бардыгында эле маектешүүлөр дээрлик бирдей өтөт. Бардыгы эле программалаш керек болгон тапшырманы беришет жана корпоративдүү маданиятка байланыштуу темалар боюнча суроолорду сурашат.

L. Маектешүүгө даярданып жаткан талапкерлерге эмнелерди сунуштайсыз?

Cracking the Coding Interview китебин окууну сунуштайм. Бул китептин автору бардык ири корпорацияларда иштеген. Китепте ал маектешүү кандай өтөөрү тууралуу баяндап, маектешүүдө келе турган реалдуу суроолорду жана тапшырмаларды берген. Ошондой эле leetcode.com сайтын сунуштайм. Бул сайтта онлайн тапшырмалардын жыйнагы бар. Иш берүүчүлөр көпчүлүк учурда тапшырмаларды дал ушул сайттан алышат.


IMG_20150502_114838

L. Google компаниясы жөнүндө айтып берсеңиз. Сиз ал жакта кандай кызматты аткарасыз?

Google бардыгыбыз билгендей эле ири корпорация. Анын негизги өндүрүмү – Google.comдогу жарнама жана башка сайттардагы дисплей жарнамалары. Компаниянын мындан башка дагы алдыга жылдырууга аракет кылып жаткан кошумча бизнестери бар. Мисалы, пилотсуз автоунаа өндүрүү жана мен иштеген Google Cloud бөлүмү. Cloudда эң көп сатылган өндүрүм – бул BigQuery. Ал чоң көлөмдөгү маалыматты талдоочу аналитикалык шайман болуп эсептелет.

L. Компанияда кызматкерлер үчүн кандай шарттар түзүлгөн?

Кызматкер жумушта өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Компанияда жагымдуу атмосфера жаратуу үчүн атайын команда иштейт. Алар ар кандай көңүл ачуучу иш-чараларды, фестивалдарды уюштуруп турушат. Компаниянын имаратында пейнтбол, бильярд жана бир нече бариста станциялары бар. Тамак-аш дагы кадам сайын жеткиликтүү. Бул сонун нерсе. Себеби, мындай шарттар убакытты үнөмдөп, өндүрүмдүүлүктү арттырууга жардам берет.

Ошондой эле жумасына бир жолу бир күндү өзүбүз каалагандай өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул күндөрү адатта биз чогулуш өткөрүп, ар түрдүү идеяларды ортого салып, аларды иштеп чыгабыз.


00A_6488

L. Компанияда кызматкерлердин ишинин жыйынтыгы эмне менен өлчөнөт?

Компанияда бир жылда эки жолу “калибрация” болот. Анда ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары чыгарылат. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашкандыгы тууралуу далилдер жана графикалар менен отчет беребиз. Бул отчетко биз иштешкен жетекчилердин, менеджерлердин жана кардарлардын ой-пикирлерин дагы кошуп койсок болот. Чогулушта ар бир кызматкер үчүн өзүнчө отчет топтому даярдалып, ар бир программисттин иши өзүнчө талкууланат.

L. Жумушка киргенден бери башыңыздан өткөн өзгөчө күн жөнүндө айтып берсеңиз.

Өзгөчө күндөр азыр өтүп жатат окшойт (күлүп). Өзгөчө күндөр деп жумушка жаңы келген убактарды эсептейм. А качан жумушка көнүп калганда бардык нерсеге кадимкидей эле мамиле кылып каласың. Башкача айтканда, бардык нерсе көнүмүш адаттай эле кабыл алынып калат.


IMG_20181020_074545

L. Угушубузга караганда, Google компаниясында ар бир кадам жана ар бир өзгөрүү документтештирилип, жетекчилик тарабынан бекитилген соң ишке ашырылат экен. Ушундан улам компаниянын иши жайыраак жүрөт. Мисалы, Facebookта мындай практика колдонулбойт. Ошондуктан алардын иштөө темпи тезирээк. Сиз бул тууралуу кандай ойдосуз?

Ооба, бул чындык. Facebook "Сынуудан коркпо, жай иштөөдөн корк" деген ураанды карманып иштейт. Ошол эле учура Google менен Facebookтун кардарлары бири-бирине таптакыр окшошпойт. Эгер Facebookтун кардарларында бир нерсе иштебей калса, беш мүнөт күтө туруусун суранып, оңдоп кое алышат. Ал эми Googleдун, айрыкча Cloudдун кардарлары ири кардарлар. Алар мындай схема менен иштей алышпайт. Алар үчүн кызмат жыл сайын 365 күн 24/7 иштеши керек. Болбосо кардарлар акча жоготуп башташат. А бул бизнес үчүн чоң сокку. Ошондуктан Googleда чийки өндүрүмдү колдонууга коюуга болбойт. Бул абдан маанилүү. Ошол себептен биз биринчи кезекте өзгөчө жана күтүлбөгөн кырдаалдарга карабастан, системанынын ишин кантип сактап калуу керектиги тууралуу ойлонобуз.

L. Акыркы 8 жыл аралыгында өзүңүздө кандай өзгөрүүлөр болгондугун байкай алдыңыз?

Негизи адамдагы өзгөрүүлөр өзүнө байкалбастан, бир калыпта жүрөт. Өзүм байкаган өзгөрүүлөрдөн айтсам, акыркы 3 жылдан бери англис тилинде сүйлөгөн адамдардын бардыгын кыйналбастан түшүнүп калдым. Бул жакка жаңы келгенде баарлашып жаткан адамдын кебине көңүлүмдүн баарын буруп, абдан кылдаттык менен угушум керек эле. А азыр  маалымат агымына аралашып баштаганымды түшүндүм.


00100dPORTRAIT_00100_BURST20180818193426407_COVER

L. Мотивация, эргүү булактарыңыз эмнелер?

Менин оюмча, адам өзүнө жаккан ишти жасашы керек жана ар дайым ыңгайлуулук аймагынан чыгып турушу керек. Эгер бардык нерсе купулуңа толуп жатканын сезе баштасаң, демек бир нерсени өзгөртүүгө убакыт келди. Бул ой мени алдыга сүрөп турат. Жумуш ордуңарды алмаштыргыла деген жокмун, бирок жаңы нерселерди жасап көрүүгө, мисалы, өзүңө дагы татаалыраак тапшырмаларды коюп же өзүңдү жаңы иште сынап көрүүгө эмнеге болбосун?

L. Сизде дагы бир нерсени өзгөртүүнү каалаган учурлар болобу?

Ооба, мисалы, мен 3 жылдан бери бир компанияда, бир командада иштеп жатам. Бирок биздин компания жалпысынан өзгөрүүлөрдү кубаттайт. Өзгөрүүлөр долбоорго жаңы идея, жаңы кан алып келет. Бул сонун нерсе. Ошондуктан компания кызматкерлеринин бир нерсени өзгөртүү каалоосун кош колдоп колдойт.

L. Google компаниясынын корпоративдик маданиятында кандай өзгөчөлүктөр бар?

Эгер Microsoft менен салыштыра турган болсок, Googleдагы командалар бири-бири менен ынтымактуу келишет. Себеби, биз көпчүлүк учурда окшош терминдерди, окшош шаймандарды колдонобуз. Ошондуктан бири-бирибизге жардам бере алабыз. Microsoftто болсо мындай нерсе жок.


IMG-20191223-WA0009

L. IT тармагына жаңыдан аралашып жаткан программисттерге кандай кеңештерди бересиз?

Эгер бул программалоого тиешелүү болсо, анда фундаменталдык негиз керек. Программист боло турган адам процессор кандай жайгашкандыгын билиши керек жана алган билимин дайыма тереңдетип турушу керек. Googleга окшогон ири компаниялардагы программисттердин деңгээли абдан жогору. Ошондуктан дайыма өзүңдү жана билимиңди өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө керек. Негизгиси жасап жаткан ишиңди сүйүү керек. Жакшылыкка үмүт кыл, бирок кыйынчылыктарга даяр бол.

L. Программалоо кыздардын иши эмес деген стереотип бар эмеспи. Сиз бул тууралуу кандай ойдосуз?

Кайрадан эле эгер бул сен сүйгөн иш болсо, анда аракетке өт! Менин жеке көз карашымда, кыздарга өрнөк көрсөтүү керек. Эгер адам акылдуу болуп, өзүн ошол тармакта көргөзө алса, анын кыз же эркек экендигинин кандай айырмасы бар?


IMG_9216

L. Программалоо жашообузду жеңилдетип жатат, бирок биз ошол эле маалда башка баалуулуктарды жоготуп жаткан жокпузбу?

Биз кандай болгон күндө дагы баары бир бир нерсени жоготобуз. Дүйнө өзгөрүлөт, бирок дайыма эле биз каалагандай өзгөрүлө бербейт. Азыр жекелик деген нерсе жок. Адамдын ар бир кадамын билип турууга мүмкүн болуп калды. Мындан ары жөн гана бул чындыкты кабыл алып жашоо керек. Азыр ишке ашпай жаткан нерсенин бардыгы жакшы жакка чечилет деп ойлойм жана бизди жаркын келечек күтүп жаткандыгына ишенем.

L. Компаниянын алдыда дагы кандай пландары бар?

Компания азыр диверсификацияланууга аракет кылып жатат. Рекламадан баш тартып, жаңы кызматтарды көрсөтүүнү пландоодо. Жогоруда дагы айтып өткөндөй, компания пилотсуз автоунааларды өндүрүүнүн үстүндө иштеп жатат, бирок азырынча бул жаатта иштер жай жүрүп атат. Компания ошондой эле медицина тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга аракет кылууда. Чындыгында жакынкы аралыкта ишке аша турган абдан көп долбоорлор бар.


IMG_20181107_152109

L. АКШдагы жашооңуз жөнүндө айтып берсеңиз.

Бул жакта үй-бүлөм менен жашайм. Бир канча жыл мурун үйлүү болгонбуз. Тамак-ашыбызга, көңүл ачууга, саякатка болжол менен айына 2000$ коротобуз. Салыктар өзүнчө чоң тема. Маянабыздын 25%ы эле федералдык салыкка кетет. Мындан тышкары үйдү, унааны камсыздандырууга өзүнчө салык төлөйбүз.

Табият койнунда эс алууну жактырам. Бул жакта тоолор бар, аскага чыкса болот. Ошондой эле байдарка менен сүзгөндү, серфингди, саякататтоону жактырам.

L. Келечекке кандай пландарыңыз бар?

Бизнес менин ишим эмес экендигин түшүндүм. Мага атайын иш графиги менен иштеген жагат. Келечекте өзүмдү ракета индустриясында сынап көргүм келет. Балким SpaceX компаниясына кирүүгө аракет кылам. SpaceXтын башкы имараты мен жашаган шаардан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Айтмакчы, алар Starlink спутниктеринин топ жылдызын иштеп чыгышууда. Бул долбоор арзан жана жогорку өндүрүмдүүлүктөгү спутниктик интернет-канал байланышын камсыздоо жана жерден, орбитадан сигналдарды алып, берүүчү техникалык өткөргүчтөрдү жаратуу максатында башталган.

 

Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью интернет-издания Limon.KG. Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции.

Популярное

Понравилась статья?
Поделись с друзьями

Популярное видео

Посмотреть еще

Следите за нашими публикациями оперативно в Twitter и Facebook
Закрыть