Нургазы Сулайманов - колдонмо математика боюнча илимдин доктору. Ал акча адалдоого жана алдамчылыкка каршы программаларды иштеп чыккан америкалык
FICO компаниясынын Германиядагы кеңсесинде маалыматтардын аналитикасы боюнча улук адис болуп эмгектенет. Бул программалар финансылык институттарга алдамчыларды алдын-ала аныктап, акча уурдатуунун алдын алууга жардам берет. Бүгүн биз Нургазы менен Германиянын жана Кыргызстандын ортосундагы маданий айырмачылыктар, чет өлкөдө карьера куруу үчүн эмнелер керек экендиги тууралуу баарлаштык.