26 жаштагы Курманбек Нобель лауреаттарынан билим алып, Жонс Хопкинс университетинин студенттерине сабак өтөт

01/11/19, 17:20  |  Обновлено: 01/11/19, 20:20

Limon.KG - Курманбек Кайырбеков — физика боюнча эл аралык олимпиаданын катышуучусу, жалпы республикалык тестирлөөдөгү алтын сертификаттын ээси жана Түркиядагы Жакынкы Чыгыш технология университетинин бүтүрүүчүсү. Ал физика адистиги боюнча бакалавр даражасын алгандан кийин Түркиядагы Коч университетинин магистратурасында билим алууну уланткан. Азыркы учурда Жонс Хопкинс университетинин докторантурасында окуп жатат. 

Washington DC Курманбек

Учурда Курманбек Америкадагы Мэриленд штатында жайгашкан эң мыкты окуу жайлардын биринде —  Жонс Хопкинс университетинде доктор даражасын алып жаткан учуру. Курманбек Limon.KG сайтына өзүнүн окуясын айтып берди.

«Мен 1993-жылы Чолпон-Ата шаарында төрөлгөм. Атам инженер-электрик болуп эмгектенген, апам болсо соода тармагында иштейт. 1-класстан 4-класска чейин Чолпон-Ата шаарындагы Киров атындагы мектепте окугам. Мектепте жакшы бааларды алганым менен окуганды көп жактырчу эмесмин. Караколдогу Кусейн Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейине барганда баары өзгөрдү.

Ал жакта окууда абдан жетишкен, олимпиадаларга катышкан балдар бар болчу. Аларды көргөндө мен да атаандашып, жакшы окугум келди. Сабактардын ичинен математика жана гаджеттерге кызыкчумун. Балким, ушул экөө физика боюнча олимпиада ийримине катышуума себепкер болгон. Бирок ошол убакта биологияны тандап аларыма аз калган эле. Ал мезгилде биология сабагын окуткан мугалимибиз абдан жакшы болчу. Кандай болсо да физиканы тандаганыма өкүнбөйм.

International Physics Olympiad Курманбек

9-класста окуп жүргөндө 10-класстар арасында өтүп жаткан физика боюнча облустук олимпиаданын катышуучуларын жеңип чыгып, республикалык турда 2-орунду ээледим. Андан кийин Моңголияда өтө турган физика боюнча Азия олимпиадасына өтүп, бирок каражат чогулта албай калгандыктан барбай калдым. Азыр өзгөрүүлөр киргендир, бирок мурун мамлекет мен сыяктуу окуучуларга демөөрчүлүк кылчу эмес. Биз деле спортчулардай болуп мамлекеттин намысын коргочубуз да.

10-11-класстарда дагы облустук олимпиаданын катышуучуларын утуп, республикада 2-орунду ээлегенден кийин Азиядагы жана эл аралык олимпиадага өттүм. Тилекке каршы 10-классымда Тайландда өтө турган Азия олимпиадасына жана Мексикада өтө турган эл аралык олимпиадага барбай калдым. Тайландда ошол учурда баш аламан окуялар болуп жаткан. Ал эми Мексикада кандайдыр бир тумоо жайылып жаткан учур эле. Ошондуктан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бизди өлкөдөн чыгарбай койгон.

Ошондо абдан көңүлүм калып, олимпиаданы таштагым келди. Бирок улантууну чечтим. Бактыма жараша 11-класста баары жакшы болуп, Тайвандагы Азиянын, андан кийин Хорватиядагы эл аралык олимпиадаларга бардым. Эл аралык олимпиадада мактоо баракчасын алып, коло медалга 1-2 упай жетпей калган.

ORT Курманбек

Лицейди аяктагандан кийин мен SAT сынагын тапшырып, жалпы республикалык тестирлөөнүн алтын сертификатын алып, Анкара шаарындагы Жакынкы Чыгыш технология университетинин (Middle East Technical University) физика факультетине кабыл алындым. Бул окуу жайда билим берүү англис тилинде өтөт. Менин оюмча англис тилинде билим алуу абдан маанилүү. Анткени англис тилиндеги билим дүйнөлүк рынокко эшик ачып, бардык илимий басылмалар да ушул тилде чыгарылат.

Бул окуу жайда Түркиянын эң мыкты, эмгекчил деп саналган студенттери чогулган. Сынак учурунда төрт кабаттан турган китепкана таң эртеден толуп, түнгө чейин бошочу эмес. Окуу жайда атаандаштык болгону менен ал жакта билим алуу абдан кызыктуу болчу.

METU graduation Курманбек

2-курста окуп жүргөндө компьютердик инженерия факультетинен 1-2 программалоо сабактарына баргам. Мага сабактар абдан жагып, компьютердик инженерия факультетинин кошумча программасына (minor) жазылып алгам. Бул программа менен студенттер тандаган факультеттен диплом алып жатканда, экинчи факультеттин бүтүрүүчүсү деген сертификат да алса болот.

Мен окуу жайдын физика факультетинин алгачкы бүтүрүүчүсү болдум. Менин дипломдук долбоорум программалоо жана физика боюнча болчу. Компьютердик инженериядагы профессор экөөбүз дрондордун динамикалуу түрүн ойлоп таптык. Анын жардамы менен  виртуалдык дрондорду тестирлөө үчүн жасалма гравитацияланган талаа жасоого болот.

Cholpon Ata WNG Курманбек

Бул тармакты тереңирээк билүү үчүн мен Стамбулдагы Коч (Koç University)    университетиндеги информатика жана компьютердик инженерия факультетинин магистратурасына бардым. Бул университет изилдөө жана инфраструктурага каражаты бар жеке окуу жай болуп саналат. Ошондой эле Түркиядагы эң кооз кампусу бар окуу жайлардын бири деп ойлойм. Коч университети Түркиядагы бардык рейтингдер боюнча алдыга жылып жатат.

Магистратурада окуп жатканда мен эң көп стипендия алчумун. Жатаканам Стамбулдун эң жакшы районунда болчу.  Анкарадагы төрт жыл тынч жана жайбаракат жашоодон кийин динамикалуу Стамбул жан дүйнөмө абдан жакты.

Магистратурада окуп жатканда мен биринчи жолу интеллектуалдык колдонуучу интерфейстер лабораториясында изилдөө иштерим менен алектендим. Бул лабораторияда менин кесиптештерим ар кандай долбоорлор менен иштешчү. Кээ бирлери аутизм оорусуна кабылган балдарды окутууну изилдесе, айрымдары компьютерди колдонуу учурундагы көздүн кыймылын карашчу. Алардын арасында роботторго адамдардын сезимдерин түшүндүрүүгө аракет кылгандары да бар эле. Кыскасы, лаборатория адам менен компьютердин өз ара аракеттенүүсүнө арналган.

Курманбек Philly

Мен сүрөттөрдүн семантикалык маанилүү бөлүктөрүн түшүнүп билүү үчүн терең билүү методдорду (Deep Learning) колдонгом. Мисалы, биз компьютерге сүрөттөгү мышыктын көздөрүн, мурдун, кулактарын, куйругун жана башка мүчөлөрүн таанууну үйрөтчүбүз. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгын биз IEEE Computer Graphics and Applications (компьютер жана тиркеме) журналына жарыялаганбыз.

Магистратурада окуп жатканда мен физиканы жана негизи эле илимди сагындым. Инженерияда практикага басым жасалат. Мага болсо теорияны изилдөө дагы жагат. Америкада докторантурада окуган досум менен сүйлөшкөндөн кийин, мен дагы документтеримди тапшырууну чечтим.

Ага керектелген GRE, GRE Physics, TOEFL сынактарынан өтүп, сунуш каттарды чогултуп, мотивациялыкк эссе жазып, документтерди жөнөттүм. Эгер сиз атаандаша ала турган портфолио жасай алган болсоңуз, документтерди тапшыруу көп кыйынчылыкты туудурбайт. Тесттердин жыйынтыктарын автоматтык түрдө окуу жайларга жөнөтсө болот, ал эми эссе менен сунуш каттар онлайн түрдө жүктөлөт.

Hopkins Курманбек

Ушул иштердин жыйынтыгында мен бир нече алдыңкы окуу жайларга өттүм. Бирок менин тандоом Мэриленд штатынын Балтимор шаарындагы Жонс Хопсинс (Johns Hopkins University) университетине токтолду. Бул окуу жай Американын тарыхындагы биринчи изилдөө университети болуп саналат. Times Higher Education рейтинги боюнча, JHU рейтингинде дүйнө жүзү боюнча 12-орунда, ал эми медицина тармагында бүткүл АКШда Гарвард менен бир орунда. Баса, быйыл биздин университеттин профессору медицина тармагы боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты болсо, 2011-жылы  бир профессорубуз физика тармагында боюнча Нобель сыйлыгын алган.

Physics and Astronomy Hopkins Курманбек

Бул жакта мен физиканын теориясын окуйм. Полимерлик интерфейстердин ийилгичтигин изилдөө үчүн көбүнчө математикалык моделдерди жана компьютердик симуляцияны колдоном. Полимерлер – бул желим, айнек жана «поли» менен башталган сөздөр үчүн жалпы аталыш. Алар кенен жайылган жана ар кандай эскертүүлөрү бар.

Полимерлердин жардамы менен ар кандай формадагы материалдарды жасоого болот. Азыркы этапта биз алардан 3D ыкмасын изилдеп жатабыз. Компьютердик симуляциянын жардамы менен биз ар бир атом тууралуу маалымат алабыз. Бул изилдөөнүн натыйжалуулугун жакшыртат. Симуляциядан тышкары көбүрөөк маалымат алуу үчүн биз машиналык үйрөтүүнү киргизүүгө аракеттенүүдөбүз. Бул нерсе бизге теориялык моделдерибизди текшерүүгө жардам берет.

john hopkins

Мен университетте бакалавр даражасындагы студенттерге сабак өтүп, ассистент-окутуучу болуп иштейм. Мага бул жакта башка өлкөлөрдөн айырмаланып студенттердин жашоосун татаалдаткандын ордуна, билим алуунун эффективдүүлүгүнө бардык аракеттерди жасаганы жагат. Студенттер да абдан эмгекчил жана сылык.

Окуудан сырткары Коч университетиндегидей эле бул жакта да студенттер спорт, медитация менен алектенишет. Мен да бир нече жылдан бери аптасына 3-4 жолу спорт менен машыгууга аракет кылам. Дене тарбия менен машыгуу мээнин иштөөсүнө жакшы таасир этет. Менин оюмча эффективдүү болуу үчүн кандай кыйынчылык болсо да кайгырбоо керек.

Princeton tournament Курманбек

Мен өзүмдүн мугалимдериме, туугандарыма, жана эң негизгиси ата-энемдин мага ишенгенине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Мен келечекте дүйнөлүк окуу жайларда илим жана инженерия тармагында билим алган кыргызстандык студенттерди көргүм келет. Эгер Америкада билим алууга кызыккандар болсо бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын. Бардык окурмандарга өзүнүн кылган жумушун сүйүп, эмгекчил болушун каалайм. Бул эмгектер өзүнүн үзүрүн алып келет деп ишенем.

Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью интернет-издания Limon.KG. Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции.